Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-ж. аткарылган иш аракеттер боюнча отчет

22 Января 2018

Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-ж. аткарылган иш аракеттер боюнча отчет

 2018-жылдын 25-январь айында Күнтуу айыл аймагында Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылга карата жылдык отчету угулду, бул иш-чарага жалпы 103 киши, анын ичинен 67 аялдар катышты. Бул отчетто  эң көйгөй катары приоритеттүү деп эсептелген маселе  катары Күнтуу айылында кичи футболдук аянтчанын ачылышы жана АРИС программасынын алкагында таза суу долбоору башталганын маалымдалды. Мындан тышкары Шалта айылындагы, Доронбеков атындагы орто мектептин чатыры толугу менен жабылып, жылыткыч системасы заманбап үлгүдөгү жаңы электрдик жылыткыч коюлду. Бул мектептин бир бөлүгү перепрофилденип 70 орундук бала бакча ачылуу алдында турганын белгиледи.

Кошумча материалдар: