Чогулуш откоруу боюнча

09 Февраля 2017

Кʏнтуу  айыл  аймагынын  Б.Жамгырчинов, Д.Дооронбеков, Н.Рахманов  атындагы  орто  мектептеринин  ɵспʏрʏмдɵрʏнʏн   виртуалдык  оюндарга  тартылуу  маселеси  боюнча

       Бул  маселе  боюнча  Кʏнтуу  айыл  аймагынын  Б.Жамгырчинов, Д.Дооронбеков,   Н.Рахманов  атындагы орто  мектептеринде  бир  топ  иш-чаралар  ɵткɵрʏлдʏ.

Балдарга  класс  жетекчилер  тарабынан  акыркы  кездери  интернеттен   таркатылып  жаткан  виртуалдык  оюндарга  ɵспʏрʏмдɵрдʏн  тартылуусуна  жол  бербɵɵ  жана  аны  аныктоо  боюнча  тɵмɵнкʏдɵй  темада  класстык  сааттар  ɵткɵрʏлдʏ.

«Мен  жана  компьютердик  оюндар»
«Чыныгы  жашоо» жана  «виртуалдык  жашоо»
Виртуалдык  жана  чыныгы  баарлашуу? Менин  тандоом…

Класстык   сааттарда  мугалимдер  анкеталарды  жʏргʏзʏштʏ.

Мектепте  «Мен  жашоону  сʏйɵм»  деген  темада  сʏрɵт  конкурс  ɵткɵрʏлдʏ.
2017-жылдын  10-февраль  кʏнʏ  мектепте: «Ɵспʏрʏмдɵрдʏ  ɵлʏмгɵ  жетелеген  оюн»  деген  темада  ата-энелер  чогулушу  ɵткɵрʏлʏп, виртуалдык  оюндардын  балдардын  психологиясына  тийгизген  таасири  жана  кооптуулугу  боюнча  маалымат  берилди.
Ал  чогулушта  интернеттеги «Кɵк кит», «Сен  оюндасың», «Ɵлʏм  тобу» деген  сыяктуу  суицидге  ʏндɵгɵн  оюндар  Кыргызстанга  социалдык  тармактар  аркылуу  Орусиядан  келгендиги, ал  жактагы  жана  Казакстандагы  балдардын  бул  оюндар  аркылуу  ɵз  жанын  ɵзʏлɵрʏ  кыйган  учурлардан  мисал  келтирилип  айтылды.
Ата-энелерге  балдары  катталган  Интернет  сайттарды  кɵзɵмɵлдɵɵсʏ  керектиги  айтылды. Ɵспʏрʏмдɵрдʏн  виртуалдык  оюндарга  тартылуу  маселеси  боюнча  адистердин  кеңешин   алуу  ʏчʏн  республика  боюнча-«111» жана  Бишкек  шаары  боюнча  «185» тʏз  байланышы  иштей  тургандыгы. Тʏз  байланышка  баардык  чалуулар-уюлдук  жана  стационардык   телефондордон  акысыз  жʏргʏзʏлɵɵрʏ  айтылды.
 Кɵз  карандылык:  ал  эмне? (психологдун  кеңештери) тууралуу  маалымат  берилди.
Ата-энелерге  психолог   Лейла  Садыгалиева  жана  IT- адис  Михаил  Дудин  менен  балдарды  кантип  коопсуздандыруу   керектиги  тууралуу  тɵмɵнкʏ  кеңештер  айтылды.

Канткен  кʏндɵ  да  ɵспʏрʏмдʏн  жашоосун  толук кɵзɵмɵлдɵй  алууга  мʏмкʏн эмес.  Эгер  балага  басым  жасап,  интернетте  отурууга  тыюу  салсаңыз  ал  тʏнт  болуп  калат. Буга  чейин  жасап  келген  иштерин  сизге  кɵрсɵтпɵй  уланта  берет.
Жумушуңуз  ал  кʏчʏңʏздʏ  алса  дагы  балдарга  убакыт  бɵлгɵнгɵ  аракет  жасаңыз. Алардын  пикирин  качан  болсо  уга  турганыңызды  кɵрсɵтʏшʏңʏз  керек.  Сизге  дос  катары  мамиле  жасашына  шарт  тʏзʏңʏз.
Ɵлʏмгɵ  болгон  кызыгуу  ɵткɵɵл  куракта  кʏч  алаарын  унутпаңыз. Бул  абдан  кооптуу  мезгилдердин  бири.
Алгач  ɵспʏрʏм  менен  достошуп,  аны  менен бир  толкунда   болгондон  кийин  гана  ɵзʏнʏздʏн  пикириңизди  айтып  баштасаңыз болот. Эгер  жемелей  турган  болсоңуз,  ар  бир  айткан  сɵзʏңʏз  текке  кетет.
Эгер  балаңыз  сизге  социалдык  тармактагы  баракчасын  кɵргɵзбɵй  жатса  ага  акырын  кайрылып, эмнеге  минтип  жатканын  сураңыз.
Ɵспʏрʏм  социалдык  тармактагы  баракчасына  басмырланган, денесин  кескилеген  сʏрɵттɵрдʏ  кое  баштаса,  демек, чоочулоого  негиз  бар.
Эгер балаңыздын интернет  баракчасында  мышыктын, кɵпɵлɵктʏн,  мʏйʏздʏʏ  жылкынын, киттин  же  медузанын  сʏрɵттɵрʏ  пайда     боло  баштаса- бул  жаман  белги.
Айрым  маалыматтарга  караганда, белгисиз  адамдар  эгер балдар  суицид  жасабаса  IP- дареги  аркылуу  таап  алып, жакындарынын  баарын  ɵлтʏрɵ  турганын  айтып  коркутат. Эсиңизде  болсун: IP-  адамдын ɵздʏгʏ  тууралуу  эч  кандай  маалымат  бере  албайт.
Ɵспʏрʏм  тууралуу  кɵбʏрɵɵк  маалыматты  анын  жеке  баракчаларын  барактап  отуруп  таап  алса  болот.  Ал  жакта  баланын  кайда  окуп, жашай  турганы, ата-энеси  кандай  иштери  тууралуу  нерселер  жазылган.  Бул  маалыматтарды  жаман  ойлуу  адам  ɵз  кызыкчылыгы  ʏчʏн  пайдаланышы  толук  мʏмкʏн, андыктан  алардын  баарын   ɵчʏрʏп  салуу  туура  болот.
Чогулушка  катышкандар  Кʏнтуу  айыл  ɵкмɵтʏнʏн  социалдык  кызматкери Эдилова  Б.Э. жана  СРƟБ  кызматкери  Рыскулова Н.С., Кʏнтуу  айылдык  Кеңешинин   орун  басары Орозбаков  А.Д. жана  окуучулардын ата-энелери  чогулушта  тɵмɵнкʏдɵй  чечим   кабыл  алышты:

Ата-энелер  балдарынын  социалдык  тʏйʏндɵрʏндɵ  ɵткɵргɵн  убактысын  кɵзɵмɵлгɵ  алышсын.
Ата-энелер  балдарынын уюлдук  телефондорун  текшерип, ага  аяр  мамиледе  эскертʏʏлɵрдʏ  беришсин.
Ата-энелердин  телефонуна  «родительский  контроль»  функциясын  кʏйгʏзʏп,  балдары  кайсы  сайттарга  кирип  жатканы  тууралуу  маалымат  алып  турушсун.
Ɵспʏрʏмдɵрдʏн  виртуалдык  оюндарга  катышы  бар  тууралуу  шектʏʏ  нерсе  байкаса  анда, «111», Бишкектен «185» телефонуна чалып,  квалификациялуу  консультацияларды   алышса  болот.  Баардык  чалуулар  бекер  экени  эскертилди.
Мектепке  кымбат  баалу  телефондорун  кɵтɵрʏп  келишпесин,  байланыш  ʏчʏн  жɵнɵкɵй  телефон  кɵтɵрсɵ  болот деп  чогулуш  аяктады.