Күнтууу айыл өкмөтү, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык”- мыйзамынын негизинде бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт.
Салык боюнча башкы адис
Кесиптик билимдин деңгээли:
Экономика жана каржы, салыктар жана салык салуу, юридикалык багыттары боюнча жогорку билим;
Стажы жана иш тажрыйбасы
жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик же муниципиалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы:
Кесиптик компетенттүүлүгү:
-төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, Кыргыз Республикасынын “Салык эмес төлөмдөр жөнүндө”мыйзамын;
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
-билгичтиги
Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
Аналитикалык документтерди даярдоо;
Тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
Иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
Эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
-көндүмдөрү:
Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
Ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
Башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукталарды колдоно билүү, кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Жетектөөчү адис юрист
Кесиптик билимдин деңгээли:
юридикалык багыттагы жогорку же орто кесиптик билим;
Стажы жана иш тажрыйбасы:
-иш стажына талаптар коюлбайт;
3.кесиптик компетенттүүлүгү:
-төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамын;
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
Билгичтиги:
Жогорку турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
Документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
Тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдо жана аны практикалык иште колдонуу;
Кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
Жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
Мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
Командада иштөө;
Көндүмдөрү:
Ченемдик укуктук аткылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору
кесиптик билмидин деңгээли
-жогорку же орто кесиптик билим
2.стажы жана иш тажрыйбасы
Иш стажына талаптар коюлбайт.
3.кесиптик компетенттүүлүгү
-төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Жалпыга бирдей анык жана альтернативдик аскердик милдетти өтөө жөнүндө” мыйзамын;
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Билгичтиги:
Жогорку турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
Документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
Тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
Кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
Жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
Мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
Командада иштөө;
Көндүмдөрү:
Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Конкурска катышуу үчүн документтердин тизмеси:
Жеке арызы;
Кадрдык каттоо боюнча жеке баракчасы;
Автобиография;
Дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык контордон же мурунку жумушунан күбөлөндүрүп келүүсү );
Эмгек китепчесинин көчүрмөсү ((нотариалдык контордон же мурунку жумушунан күбөлөндүрүп келүүсү );
Паспорт (көчүрмөсү);
Сүрөт 3Х4, 2 даана;
Резюмеси;
Ички иштер министирлигинен маалымкат (соттолбогондугу тууралуу)
Конкурска катышуу үчүн баардык документтердин топтомун атайын папкага тигип, жарыя гезитке жарык көргөндөн баштап 10 күндүн аралыгында алып келүүсү тийиш.
Мекеменин дареги:Сокулук району, Күнтуу айылы, Иманалиева көчөсү №48А
Толук маалыматты WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтынан окуй аласыздар.
Контактык телефону: 0313464030